Жаңылыктар
26.11.2024 16:16
Кароолор: 368
ӨКМде “МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ РУХАНИЙ БААЛУУЛУКТАР САБАГЫ ӨТТҮ
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында кыргыз тилинин 35 жылдыгына жана “4-декабрь – Манас күнүнө” карата Манас театрынын директору Нурбек Талантбеков куткаруучуларга “Айкөлдүн ааламы” аталышында мааниси терең сабак өттү. Ал алгач театрдын ишмердүүлүгүнө токтолуп, манасчылар жер кыдырып чет элге, чет жерге Манасты таанытып жаткандыктарын айтып берди.
Нурбек Талантбеков “Манас” эпосунун маанисин, кыргыз элинин нарк-насилинен, кыргыз сөздөрүнүн байыркылыгынан, жигиттердин мекенчилдиги, душмандардан элин-жерин коргоп казатка чыккандыгынан кеп салды.
Анын айтымында, ар биринин өз Манасы бар. Эпостун көп кырдуулугун, сөздүн чеберин, таалим-тарбиянын, элчилик эрежесин ал тургай, гендердик теңчиликти табууга болот. Манас керек болсо, душмандарынын кыздарына да сый-урмат менен аяр мамиле көрсөткөн саптарынан мисал келтирди.
“Кырк чоронун аткарган милдеттери бүгүнкү аткаруу бийлигинин курамындагы министрликтерге салыштырылат. Байыркы сөздөрдү бүгүнкү жашоодо колдонуп, кыргыз тилин байыталы. Кыргыз дөөлөтү, улут сыймыгы, руханий байлыктын туу чокусу болгон эпосто ар бир кесипке сыймык менен мамиле кылышкан. Алсак, кырк чоронун биринин милдети – куткаруучулук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу. Куткаруучу – агаяр кызматы тууралуу мыкты сүрөттөлгөн саптары бар. Демек ар бир адамдын, ар бир кызматтын өзүнүн манасы бар”, - деген Нурбек Талантбеков айкөл ааламындагы жер-суунун аттарын, мультфилимдердеги, жомоктордогу каармандардын, байыркы кылымдарда жок болгон жаныбарлардын кыргызча аталыштарын айтып берди.
Эскерте кетсек, куткаруучулар менен менен манасчынын жолугушуусун ӨКМдин укуктук камсыздоо жана коррупцияны алдын алуу башкармалыгы уюштурду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР