Жаңылыктар
16.06.2024 13:26
Кароолор: 307
ӨКМде КУРМАН АЙТКА КАРАТА КАЙРЫМДУУЛУК
Бүгүн, 16-июнда Курман айт майрамына карата айт намаздан соң Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин демилгесине ылайык, министрликтин чарбалык ишканаларынын каражатынын эсебинен бодо мал союлуп, ага кошо ун, кум шекер жана өсүмдүк майы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратыла баштады. Мындай иш-чара ӨКМдин облустук башкармалыктарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө бүгүн эртең өткөрүлөт.
Мусулмандардын бул улуу майрамы – Курман айтта коомдун аярлуу катмарына, багар-көрөрү жокторго, кыйналып турган жарандарга жардам берүү ар бир жарандын парзы. Аларга жакшы мамиле, кайрымдуулук, боорукерлик менен сый мамиле кылуу жалпы мусулманчылыкта өзгөчө орунду ээлейт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР