Жаңылыктар
21.08.2026 17:41
Кароолор: 25
ӨКМде КОРЕЯ ТАРАПТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде КР Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазариповдун Кореялык консалтинг компаниясынын жана Кыргыз Республикасындагы Жашыл өсүш боюнча глобалдык институттун (GGGI) өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кореялык тарап «Борбордук Азияда суу ташкындары жана кургакчылык менен күрөшүүнүн инновациялык акылдуу ыкмаларын киргизүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту бекемдөө» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн долбоорлоо иштеринин жыйынтыктарын тааныштырды.
GGGIнин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан бул санариптик долбоор сел жана суу ташкындарынын алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле калкты сел коркунучунан коргоого багытталган.
Тараптар «акылдуу» системаларды ишке киргизүүнүн техникалык аспектилерин жана аларды ӨКМдин мониторинг жүргүзүүнүн жалпы тутумуна интеграциялоо маселелерин кеңири талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар пилоттук долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырастап, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча кийинки кадамдарды белгилешти.