Жаңылыктар
25.07.2025 17:27
Кароолор: 193
ӨКМде Чолпон-Атадагы табиятка негизделген чечимдер боюнча талаа жана аналитикалык иштердин жыйынтыктарына арналган семинар өттү
Бишкек, 2025-жылдын 25-июлу.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан KG RESILAND долбоорунун алкагында Чолпон-Ата шаарындагы пилоттук тилкеде табиятка негизделген чечимдерди (Nature-based Solutions, NBS) концептуалдык иштеп чыгууга арналган жыйынтыктоочу семинар өттү.
Семинардын жүрүшүндө Япониянын Asia Air Survey эл аралык компаниясынын өкүлдөрү ведомстволордун өкүлдөрүнө жана адистерге талаа этабынын негизги жыйынтыктарын сунушташты. Аларга Чолпон-Атадагы шарттардын баалоосу, CS-картанын түзүлүшү, тилкени изилдөө жана Чисан (NBS) ыкмасынын концептуалдык алдын ала долбоору кирет. Ошондой эле, башталган камералдык иштеп чыгуу иштери жана аны ишке ашыруунун кийинки этаптары кеңири талкууланды.
Семинарга 20дан ашуун адистер катышты:
- КР ӨКМи (анын ичинде ДМПЧС, ОПСД, УЗНТ);
- Кыргызгидромет;
- Айыл чарба жерлерин суу ташкындарынан жана жаратылыш кырсыктарынан коргоо мамлекеттик ишканасы «Сельводзащита» МИси;
- Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Токой илимий борбору;
- ӨКМдин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү;
- токой чарба кызматкерлери жана Гипрозем өкүлдөрү.