Жаңылыктар

10.07.2026 23:44

   Кароолор: 42

ӨКМде БУУӨП МЕНЕН СЕЙСМИКАЛЫК ТУРУКТУУЛУКТУ ЖОГОРУЛАТУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП), БУУӨПтүн Стамбул шаарындагы Региондук хабынын жана Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу БУУӨП менен Япония Өкмөтүнүн Борбор Азиядагы табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча аймактык системаны чыңдоого, ошондой эле шаарлардын табигый кырсыктарга жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатууга багытталган аймактык демилгелеринин алкагында өткөрүлдү.

Жолугушууга КР ӨКМ тарабынан Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын, Башкы ыкчам башкармалыктын, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин, Кыргызгидромет кызматынын, ошондой эле Табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Улуттук платформанын катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык долбоорлорду ишке ашыруу, сейсмикалык туруктуулукту жогорулатуу, жер титирөөлөр тууралуу эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана божомолдоо иштерин чыңдоо, ошондой эле табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы мындан аркы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле социалдык мааниси жогору болгон маанилүү инфраструктура объекттеринин даярдыгын жогорулатууга, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууга, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруунун заманбап ыкмаларын жайылтууга жана аймактык кызматташууну чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

БУУӨП өкүлдөрү аймактык демилгелерди ишке ашыруунун кийинки этаптары тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасынын сейсмикалык жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу боюнча биргелешкен чараларды илгерилетүүдөгү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргыз тарап БУУӨПкө, Япония Өкмөтүнө жана аймактык өнөктөштөргө көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, эрте эскертүү, мониторинг жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу, ошондой эле калктын жана инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатуу багытындагы практикалык кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экендигин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана аталган аймактык долбоорлордун алкагында биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу боюнча жумушчу консультацияларды улантуу тууралуу макулдашышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу