Жаңылыктар

13.12.2023 17:48

   Кароолор: 320

ӨКМ ЖЫЛ ИЧИНДЕ КАНДАЙ ИШТЕРДИ ЖАСАДЫ?

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов 11 айдын жыйынтыгы менен Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде бөлүштү.

2023-жыл ӨКМ үчүн ары оор, ары кызыктуу жыйынтыкталып жатат.

"Жыл ичинде 33 өзгөчө кырдаал катталды. Тилекке каршы, анын кесепетинен 44 кишиден айрылдык. Келтирилген материалдык чыгым 263 миллион сомду түздү. 2022-жылга салыштырмалуу аталган сумма аз десек болот. Анткени былтыр келтирилген материалдык чыгым 4 миллиарддан ашкан. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы чыр көбүрөөк таасирин тийгизген.

Бул жыл биздин министрлик үчүн бир тараптан оор, бир тараптан кызыктуу болду. 2023-жылга киргенде эле Кытайдан көптөн күткөн 100 өрт өчүрүүчү унаа келди. Андан соң жаз айларында РФ тарабынан 40 өрт өчүрүүчү унаа берилди. Аны кабыл алгандан кийин жай мезгилинде 38 мобилдик госпиталь тапшырылды. Октябрь айында Россиядан жаңы тик учакты кабыл алдык. Өрт өчүрүүчү унаалардын саны көбөйдү. Ошондой эле 54 метрлик бийикке чыга турган шатылуу болдук", — деди Мамбетов.

Кенен маалыматты Sputnik. kg сайтынын радио бөлүмүнөн угуңуз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу