Жаңылыктар
18.10.2025 15:50
Кароолор: 365
ӨКМ ЖЕТЕКЧИСИ РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУНУ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨТКӨРҮҮНҮ ТАПШЫРДЫ
Бүгүн, 18-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев өздүк курамга чукул жыйын өткөрүп, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө үчүн Бишкек шаарынын аймагында 2025-жылдын 22-24-октябрында республикалык команда-штабдык машыгуусун жогорку деңгээлде уюштуруу тапшырмасын койду.
Министрдин айтымында, мындай машыгуулар, окутуулар аркылуу даярдыгыбызды күчөтүп, Жарандык коргонуу кызматтарын күжүрмөн даярдыкка келтирүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүп, апааттардын кечесепеттерин жоюу жеңил болорун белгиледи.
Республикалык деңгээлде өткөрүлчү машыгууда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын өз ара аракеттери, аткара турган иш-чаралар жана кесепеттерин жоюу тажрыйба жүзүндө көрсөтүлөт.
Иш-чаранын алкагында Жарандык коргонуунун маалымат алмашуусун уюштуруу, башкаруу системасынын түзүлүшү, иштөөсү, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун аткарган иш-аракеттерин талдап, ар тараптуу усулдук жардам берүүнү тиешелүү башкармалыктарга тапшырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР