Жаңылыктар

26.06.2025 19:15

   Кароолор: 267

ӨКМ ЖЕТЕКЧИЛИГИ ТАЛАС ЭЛИНЕН КАБАР АЛДЫ

Кечээ, 25-июнда КР Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы А.Кадыралиев Талас облусунда болуп, тургундар менен жолугушту.

Бул күнү ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен министрдин орун басары Эделбек Кулматов таластыктардан кабар алды.

Министрдин орун басары жолугушууда элдин көйгөйлөрүн жеринен угуп, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгына тиешелүү тапшырмаларды берип, көйгөй жаралган учурда, жеринен чечүүнү талап кылды.

Ошондой эле ал жолугушууда табигый кырсыктардан коргонуу, суу ташкынына каршы чаралар, өрткө каршы даярдык жана жайкы эс алуу учурундагы коопсуздук маселелерине токтолду.

Иш сапардын максаты — жарандардын муктаждыктарына көңүл буруу, жеринде чечим кабыл алуу жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу болду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу