Жаңылыктар
01.10.2026 16:39
Кароолор: 6
ӨКМ ЖЕТЕКЧИЛИГИ ӨЗГӨНДӨ ЖЕР ТИТИРӨӨГӨ ТУРУКТУУ МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУНАН КАБАР АЛДЫ
КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Ош облусунун Өзгөн шаарында ӨКМдин “Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоору боюнча курулуп жаткан №3З М. Бабур атындагы жана №7 А. Мамасадыков атындагы орто мектептеринде жүргүзүлүп жаткан жумуштардын жүрүшү менен таанышты.
Планга ылайык Бабур атындагы мектептин биринчи корпусу толугу менен түрттүрүлүп, кайрадан курулат. Ал эми экинчи корпусу толук реконструкцияланат. Ошондой эле, А.Мамасадыков атындагы мектептин имаратына капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Министрдин орун басары курулуш иштеринин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткарылышы, ошондой эле окуучулар үчүн коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ