Жаңылыктар
12.03.2025 17:21
Кароолор: 1109
ӨКМ ЖЕТЕКЧИЛИГИ ОШТО ЖЕР ТИТИРЕГЕН АЙМАКТАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨП ЖАТАТ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Ош шаарында жана Кара-Суу районунда жер титирөөгө байланыштуу министрдин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилигинде абалды көзөмөлдөө штабы түзүлдү. Ошондой эле ал облустук жарандык коргонуу комиссиясын жетектөөдө.
Бүгүн жеринде комиссия жана штаб менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундары менен жолугушту. Анын алкагында жабыркаган объектилердин тизмеси түзүлүп, аларды мындан ары пайдалануунун максаттуулугун аныктоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле керек болгон учурда күч-каражаттарды бөлүп берүү даярдыктары көрүлүп жатат.
Белгилей кетсек,бүгүн 09:11де Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында 5 балл жер титиреп, Мады айылында турак үйлөр жабыркаганы маалымдалган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР