Жаңылыктар
14.02.2025 10:30
Кароолор: 43
ӨКМ ЖЕР КӨЧКҮ КООПТУУЛУГУ БАР АЙМАКТА ЖАЙГАШКАН КӨМҮР КАЗУУЧУ ИШКАНАНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ТОКТОТУП ТУРУУНУ СУНУШТАДЫ
Ош облусунун Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылындагы ЖЧК “Май Эр” ишканасынын аймагында көмүр казуу процессинде Жатан айылынын түндүк тарабында жайгашкан тоо этегин казып, сел суулары түшүүчү кокту-колоттордун оозун казуудан чыккан отвал менен бөгөп коюшкан.
Тоо этегинде ачык типтеги көмүр карьерин казуу учурунда жантайманы туура эмес кыркуусунан (подрезка) карьердин үстүндөгү тоонун башынан узундугу 25-30 метр, туурасы 0,4 метрге чейин жеткен 6 участкасында жаракалар пайда болуп, жер көчкү активдешүү фазасына келгендиги байкалган.
Учурда “Май Эр” ЖЧК ишканасынын ишкерлери жер көчкү кооптуулугуна карабастан, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.
“Май Эр” ЖЧК ишканасы көмүрдүн өндүрүүсү боюнча тийиштүү иш кагаздарын текшерүү убагында көрсөтө албагандыгына байланыштуу, кайсыл жерге кандай тартипте жайгашуусунун мыйзамдуулугун аныктоого мүмкүнчүлүк болгон жок.
Тоо-кен иштерин жүргүзүүдө, укуктук-ченемдик актылардын жана эрежелердин аткарылышы, сакталышы боюнча талаптар бузулуусу мүмкүн жана жантайманы кыркууда тектирлөө менен иш алып барылган эмес.
Жогорудагылардын негизинде, ӨКМ кызматкерлеринен, жергиликтүү бийлик өкүлүнүн жана Жарандык коргонуу кызматынын адистеринен турган комиссия өз ара макулдашуу менен “Май Эр” ЖЧКнын жетекчилигине төмөнкүлөрдү сунуштайт:
“Май Эр” ЖЧКнын мындан ары эксплуатациялоо, адамдардын өмүрүнө кооптуу жана жер көчкү пайда болуу тобокелдиги бар экендигине байланыштуу, көмүр өндүрүлүүчү аймакта ишмердүүлүгүн токтотуп, кызматкерлердин жүрүүсүнө тыюу салуу;
Жер көчкү пайда болгон жантайманын туруктуулугун аныктоо максатында атайын адистештирилген мекемелердин жардамында инженердик-геологиялык изилдөө иштерин аткаруу;
Көмүр өндүрүүдө тиешелүү болгон иш кагаздарын жергиликтүү администрацияга жана атайын комиссиянын кароосуна жиберүү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР