Жаңылыктар

13.05.2026 16:21

   Кароолор: 3

ӨКМ: ЖАЗ МЕЗГИЛИНДЕ СЕЛ ЖҮРҮҮ КОРКУНУЧУ ЖОГОРУЛАЙТ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаз айларынын келиши, күндүн жылышы жана жаан-чачындуу аба ырайына байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүү тобокелдиги жогорулай турганын эскертет!

Өзгөчө тоолуу аймактарда, дарыя жана сайларга жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундары сак болуусу зарыл. Министрлик жарандарды алдын ала коопсуздук чараларын көрүүгө үндөйт!

Сел кырсыктарынын алдын алуу максатында төмөнкү аракеттерди аткаруу сунушталат:

– арыктарды жана суунун нугун таштандыдан, ылайдан тазалоо;

– сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактарга турак жай жана башка курулуштарды курбоо;

– катуу жаан жааганда жана мөңгү суулары көбөйгөн учурда дарыя жээктеринен алыс болуу;

– аба ырайына байланышкан расмий эскертүүлөргө көңүл буруу;

– үй-бүлө мүчөлөрүнө өзгөчө кырдаал учурундагы эвакуация жолдорун алдын ала түшүндүрүү.

ӨКМ адистери сел коркунучу жаралган учурда жарандарды дароо коопсуз жайга чыгууга, коңшуларын кабардар кылууга жана 112 кызматына чалыңыз.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу