Жаңылыктар
25.12.2024 20:36
Кароолор: 274
ӨКМ ЖАТАК-МЕКТЕПТКЕ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕКТЕРИН ТАПШЫРДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев бүгүн, 25-декабрда Жаңы жылды утурлай Москва районунун Беловодск айылындагы атайын жалпы билим берүү (көмөкчү) жатак-мектебинин тарбиялануучуларына майрамдык белектерин тапшырды.
Министрликтин атынан уюштурулган мындай белектер окуучулардын маанайын көтөрүү жана колдоо максатын көздөйт.
Министр алгач балдар жана мектеп жамааты менен учурашып, Жаңы жылдык куттуктоосун билдирди. Ал өз сөзүндө жаш бөбөктөр бул майрамда Аяз атадан белек күтөрүн, алар үчүн чоң кубаныч тартуулай турган күндөрдүн бири экенин айткан министр окуучуларга ден соолук, узун өмүр, кең келечек, окууларына ийгилик каалады. Ошондой эле Бообек Ажикеев окуучулардын арасынан генералдар, министрлер чыгып, эл керегине жараган мыкты инсандардан болушуна ишеним артты.
Андан соң тарбиялануучулар өздөрүнүн ыр-бийлерин тартуулап, министрликтин жетекчилери менен көңүл ачканына ыраазычылыгын айтышты.
Өз кезегинде мектеп директорунун милдетин аткаруучу Гүлзар Жумагулова министрликтин социалдык, материалдык колдооруна жалпы жамааттын жана окуучулардын атынан ыраазычылык билдирип, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бул окуучулардын жүзүндөгү жылмаюу ар бир мугалим үчүн чоң кубаныч экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, ӨКМ бул жатак-мектепке жыл сайын өз жардамдарын берип келишет.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР