Жаңылыктар

25.08.2023 17:22

   Кароолор: 899

ӨКМ жатак-мектептин бүтүрүүчүлөрүн Россияга билим алууга жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энеси жок балдарга колдоо көрсөтүү максатында Чүй облусундагы жетим балдар үчүн жатак-мектебин ийгиликтүү аяктаган 2 бүтүрүүчүсүн Санкт-Петербург шаарындагы өрткө каршы мамлекеттик кызматынын университетине 5 жылга окууга жөнөттү. Келечекте алар жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктаган соң, ӨКМде иш менен камсыз болушат.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлиги жана Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министрлигинин эки тараптуу кызматташуусунун негизинде түзүлгөн келишимине ылайык куткаруучулар окутулат.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жаңы 2023-2024 окуу жылына карата Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларына жалпы 16 курсант атайын сынактан тандалып, окууга өтүштү.

Алардын ичинен Москва шаарындагы Жарандык коргонуу академиясына 9, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын академиясына 2, ошондой эле Санкт-Петербургдагы Өрткө каршы мамлекеттик кызматы университетинде 5 курсант окушат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу