Жаңылыктар
25.09.2025 14:05
Кароолор: 317
ӨКМ ЖАРАТЫЛЫШ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫН БААЛОО БОЮНЧА КОМПЛЕКСТҮҮ ТЕКШЕРҮҮСҮН БАШТАДЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Жарандык коргонуу абалын баалоо боюнча комплекстүү текшерүүсү башталды.
Анда ӨКМдин борбордук аппаратынан түзүлгөн атайын комиссиясы текшерүүнүн биринчи күнүндө аталган министрликтин өрт коопсуздугу, радиациялык, химиялык тармагы, лабораториясын жана иш-кагаздарын текшерди.
Ошондой эле Жарандык коргонуу абалын баалоо учурунда келип чыккан кемчиликтер жана катачылыктар боюнча усулдук жардам көрсөтүштү.
Бул иш-чаралар мекеме, ишканалардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуусунда оң натыйжасын берет.
Мындай пикирин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары майор Асхат Муканов билдирди.
“Жарандык коргонуу абалын баалоо тынчтык мезгилиндеги ар түрдүү өзгөчө кырдаал катталганда алардын даярдыгын аныктоо болуп саналат. Иш-казагдар түрүндө жүргүзүлүп жаткан иштердин практикалык жактан аткарылышын көзөмөлдөп, жооптуу кызматкерлердин ишмердүүлүгүн кароодобуз”, - деди ал.
Ошондой эле Жаратылыш министрлигинде өрт коопсуздугу боюнча айрым техникалык мүчүлүштүктөр аныкталып, акт түзүү каралганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, аталган пландык комплекстик текшерүү ушул жылдын 26-сентябрына чейин жүргүзүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР