Жаңылыктар
18.11.2024 12:54
Кароолор: 1059
ӨКМ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУ КҮЧӨТҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН СУНУШТАДЫ
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга сунуштады.
Мыйзам долбоорунун максаты – жарандык коргонуунун ченемдерин сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу жана алдын алуу иш-чараларынын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү.
Долбоор калкты жана аймактарды коргоого багытталган административдик чараларды жайылтууну камтыйт жана ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын таасир этүүчү тобокелдиктерин болтурбоо максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын башынан бери республикада 130 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 67 адам каза болгон жана келтирилген чыгым 1, 345 млрд сомду түзөт. Буга кооптуу табигый кубулуштардын өсүп жатканы жана жоопкерчиликке тартуу механизмдеринин жоктугуна байланышкан көйгөйлөр себеп болууда.
Мыйзамдын кабыл алынышы менен жарандык коргонуу тармагындагы административдик укук бузуулардын санын кыскартууга өбөлгө түзөт:
- өзгөчө кырдаалдарга калктын жана объектилердин инфраструктурасынын даярдыктарын күчөтүү;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринен келтирилген материалдык жана социалдык чыгымдарды азайтуу;
- өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана жоюу боюнча бийлик органдарынын, уюмдардын жана жарандардын өз ара аракеттенүүлөрүн күчөтүү.
Аталган мыйзам долбоору менен кененирек Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылар долбоорунун коомдук талкуудагы Бирдиктүү порталынан таанышса болот.
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР