Жаңылыктар
22.05.2024 16:05
Кароолор: 590
ӨКМ ЖАРАНДАРДЫ СЕЛ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУДА ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БОЛУУГА ЧАКЫРАТ
ӨКМ ЖАРАНДАРДЫ СЕЛ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУДА ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БОЛУУГА ЧАКЫРАТ
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел кырсыгын алдын алууда ар бир жаранды жоопкерчиликтүү мамиле кылып, эрежелерди так сактоону эскертет.
Алар:
арыктарга таштанды ыргытпаңыз;
арыккка толгон топурак-чымын тазалап туруңуз;
сел суусу өтүүчү арыктардын нугун бүтөп көпүрө салбаңыз;
сел жүрүүчү кооптуу аймактан көчүңүз;
курулуш жүргүзүүгө тыюу салынат;
бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин эскертмесин кынтыксыз аткарыңыз;
сел жүргөн учурда керектүү буюмдарыңызды алып, коопсуз жайга чыкканга аракет кылыңыз;
Жергиликтүү бийликтин карамагындагы сел суусу өтүүчү канал, сайларды өз убагында тазалап, жээктерин бекемдөөнү, жол тейлөө мекемелеринин карамагында турган жолдорду көзөмөлгө алууну сунуштайт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР