Жаңылыктар

16.04.2026 11:45

   Кароолор: 114

ӨКМ жана "ЧЕК АРАСЫЗ ДАРЫГЕРЛЕР" КУТКАРУУЧУЛАРДЫ АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮГӨ ҮЙРӨТҮҮДӨ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария» (MSF) менен биргеликте жарандык коргоо тутумунун кызматкерлери үчүн биринчи психологиялык жардам көрсөтүү жана стрессти башкаруу боюнча тренингдерин баштады.

Тренингдин программасы «Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария» (MSF) командасы тарабынан эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин катышуусунда иштелип чыккан, алар өзгөчө кырдаалдарда көп жылдык тажрыйбага ээ. Иш-чара Кыргызстандын контекстине ылайыкташтырылган жана психосоциалдык колдоо жаатындагы эл аралык деңгээлде таанылган протоколдорго негизделген. Тренингдердин биринчи сериясы 13-апрелден 17-апрелге чейин Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда өтүүдө.

Окутуу жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле катышуучуларды келечекте алган билимдерин бүткүл өлкө боюнча кесиптештерине өткөрүп бере ала турган тренер катары даярдоого багытталган. Программанын алкагында катышуучулар окутуу сессияларын өткөрүү ыкмаларын, психосоциалдык колдоо көрсөтүү ыкмаларын, кризистик кырдаалдарда эффективдүү коммуникация көндүмдөрүн, өзүнө-өзү жардам берүү жана эмоционалдык күйүп кетүүнүн алдын алуу куралдарын, ошондой эле чыр-чатакты басаңдатуу ыкмаларын өздөштүрүшөт.

Бул долбоор Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен "Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария" (MSF) эл аралык гуманитардык медициналык уюмунун ортосундагы 2018-жылдан бери уланып келе жаткан узак мөөнөттүү кызматташтыгынын бир бөлүгү болуп саналат. Демилге өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатууга жана улуттук жооп берүү системасынын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого багытталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу