Жаңылыктар

10.10.2024 14:52

   Кароолор: 629

ӨКМ УРАН КАЗЫЛГАН АЙМАКТАРДЫ ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРГА ЫЛАЙЫК РЕКУЛЬТИВАЦИЯЛООНУ УЛАНТУУДА

2024-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский менен Нарын облусунун Мин-Куш айылына иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында тараптар уран өндүрүшүнүн мурунку объектилериндеги рекультивациялык иштердин жүрүшү менен таанышышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги рекультивациялык иштерди активдүү жүргүзүп, МАГАТЭ тарабынан белгиленген эл аралык коопсуздук стандарттарын сактоодо.

Учурда «Как» жана «Талды-Булак» калдык сактоочу жайларындагы иштер аяктады, ал эми «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайындагы иштер соңуна чыгып калды.

Министр Б. Ажикеев: «Биздин аракеттерибиз узак мөөнөттүү коопсуздукка жана экологиялык балансты калыбына келтирүүгө багытталган. Эң негизгиси, бардык иштер эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө», – деп белгиледи.

«Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский да жетишилген прогрессти жогору баалап, Россия тарап бул демилгелерди колдоону улантууга даяр экенин ырастады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

*

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу