Жаңылыктар
28.10.2025 18:10
Кароолор: 29
ӨКМ ТҮРКИЯНЫН ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛГАН АЙМАГЫНАН КАБАР АЛДЫ
Бүгүн, 28-октябрь түнү Түркия мамлекетинин Балыкесир провинциясында очогунда күчү 6,1 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Стамбул, Измир, Бурса шаарларында да сезилген. Түркиянын AFAD кызматынын алдын ала берген маалыматы боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган адамдар болгон жок. Бирок жабыркаган имараттар бар. Учурда AFAD тарабынан дагы тактоо иштери жүрүп жатат.
Мындан улам КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМге караштууу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун адистери аталган табигый кырсыкта боордош элдин абалынан кабар алды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР