Жаңылыктар

08.12.2023 10:42

   Кароолор: 516

ӨКМ ТЕЛЕВИДЕНИЕ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КУТТУКТАШТЫ

СЫЙЛЫК — СЫЙМЫК

 

Бүгүн, 8-декабрда Кыргызстанда Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү.

Кыргыз телевидениеиесинин 65 жылдык мааракеси менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул тармактын сыймыктуу ээлерин куттукташты.

ӨКМ менен тыгыз кызматташып, куткаруучулардын алгылыктуу иштерин чагылдырып, коомго жеткирген телевидение журналисттерине чыгармачылык ийгиликтерди каалап, министрликтин төмөндөгүдөй ведомстволук сыйлыктары менен сыйлашты.

“Аскердик-жарандык кызматташтыкты чындаганы үчүн” медалы менен:

-Мешкенов Алтынбек Бедилович, УТРК “Ала-Тоо 24” телеканланынын продюссери;

-Тукеев Бактияр Жекшенович, УТРКнын Биринчи радиосунун продюссери;

-Кармышакова Чолпон Амановна, ЭлТР телеканаланын “Жаңылыктар” бөлүмүнүн продюссери;

-Рахманов Өткүрбек Кубанычбекович “РЕГИОН” телеканалынын башкы директору;

-Абдылдаева Акылыйма Амангелдиевна, УТРКны “Замана” студиясынын шеф-редактору.

“Ардак грамотасы” менен:

-Сокушова Бактыгүл Нурманбековна, “Супер ТВ” телеканалынын жетекчиси;

-Сарыева Салыйка Абдиевна, УТРК

“Ала-Тоо 24” телеканалынын Талас облусу боюнча кабарчысы;

-Сыдыкова Нурзада Сыдыковна, “РЕГИОН” телеканалынын кабарчысы.

Тарыхка баш баксак, 1958-жылы Бишкек студиясы 194 метр бийиктиктеги телемунара акрылуу ишке кирип, ушул күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү эфирге чыккан.

Бул кесиптик майрам 1995-жылы 23-декабрда ошол мезгилдеги Өкмөттүн токтому менен бекитилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу