Жаңылыктар

07.10.2025 12:03

   Кароолор: 95

ӨКМ ТАРАБЫНАН СЕЛ КОРКУНУЧУ ЖОГОРУ БОЛГОН 21 УЧАСТОКТУ МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

ӨКМ тарабынан сел коркунучу жогору болгон 21 участокту модернизациялоо иштери башталды
Бишкек, 2025-жыл. Октябрь.


KG RESILAND долбоорунун алкагында, ал Борбор Азиядагы ландшафттарды калыбына келтирүү боюнча аймактык программа — RESILAND CA+’нын бир бөлүгү болуп саналат, Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында жайгашкан 21 объект боюнча техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) жана долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) даярдоо боюнча изилдөө иштерин аткаруу этабы башталды.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри 
Бообек Ажикеев:
«Башталган иштер — бул табигый кырсыктардан коргонуу системасын чыңдоонун кезектеги маанилүү этабы. Биз инженердик курулмалар менен табигый элементтерди бирдиктүү коргоо түзүмү катары караган жаңы ыкмага өтүп жатабыз. Учурда Кыргызстан аймактардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча кеңири чараларды өз күчү менен ишке ашырып келет. KG RESILAND долбоору бул аракеттерди бириктирип, узак мөөнөттүү өнүгүүнүн, калктын коопсуздугун жогорулатуунун жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүнүн негизин түзүп жатат.»
Бул изилдөөлөрдүн максаты бар болгон гидротехникалык курулмаларды реконструкциялоо же жаңы курулуштардын зарылдыгын аныктоо аркылуу сел жана суу ташкындарынын тобокелдигин азайтуу болуп саналат.
Жалпысынан 21 участок аныкталып, алар сел коркунучу жогору болгон аймактарда жайгашкан жана долбоор ишке ашырылгандан кийин коргоо, экологиялык жана социалдык натыйжа берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
ТЭН жана ДСД даярдоонун алкагында төмөнкү иш-чаралар каралууда:
аймактардын сел жана суу ташкындарына туруктуулугун жогорулатуу;


табигый кырсыктардын тобокелдигин жана алардын кесепеттерин азайтуу;


ар бир участок үчүн эң натыйжалуу инженердик чечимдерди аныктоо жана экономикалык баалоо жүргүзүү.


КР ӨКМнин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директорунун орун басары 
Чинара Бербаева:
«21 сел коркунучу жогору участок боюнча техникалык-экономикалык негиздеме менен долбоордук-сметалык документтерди даярдоо — бул кийинки инженердик чечимдерди сапаттуу пландоо жана артыкчылыктуу багыттарды аныктоого багытталган негизги этап. Бул иштердин жыйынтыгында сел процесстеринин коркунучу бир кыйла төмөндөп, калктуу конуштардын корголушу жогорулайт жана экосистемалардын туруктуулугу күчөйт деген ишенимдебиз.»
Тандалган объектилерде иш-чараларды ишке ашыруу төмөнкү натыйжаларга алып келет:
сел коркунучунун деңгээлин төмөндөтүү;


жолдорду, көпүрөлөрдү жана дарыяларды камтыган чек аралык инфраструктуралык объектилерди коргоо;


айыл калкынын жашоо шарттарын жакшыртуу;


тоо этектерин жана суу жыйноочу аймактарды табигый туруктуулук абалына кайтаруу.


Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө деградацияланган ландшафттарды калыбына келтирүүдө, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтууда жана Борбор Азия өлкөлөрү менен чек аралык жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө көмөк көрсөтүү.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу