Жаңылыктар

14.12.2024 12:57

   Кароолор: 297

ӨКМ ТАРАБЫНАН ӨЗГӨН РАЙОНУНДАГЫ МҮРЗӨ КОРГОЛУУДА

2024-жылдын 14-декабрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айыл аймагынын Бабур айылындагы Бабур каналынын суусу мүрзөнүн жээгин жеп кетүү коркунучун жаратканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки экскаватору тартылды.

Учурда суу нугун буруу жана жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чаралар мүрзөнү сактоо жана жергиликтүү тургундар үчүн коркунучтарды алдын алуу максатында ишке ашырылып жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС—БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу