Жаңылыктар

25.03.2025 18:12

   Кароолор: 151

ӨКМ СУУ КАПТООНУН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ЖУМУШТАРЫН ЫКЧАМ ЖҮРГҮЗДҮ

2025-жылдын 24-март күнү, нөшөрлүү жаандын жаашынан жана абанын температурасынын жогорулашынан улам карлар эрип, өлкөнүн 5 облусунда 6 суу каптоо катталган.

Алсак, Жалал-Абад,

Нарын, Ысык-Көл, Ош,

Чүй облустарында суу каптоонун кесепеттерин жоюу 24-марттын кечинен тарта 25-мартты караган түнү менен жүргүзүлдү. Жеринде ӨКМдин куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары, техникалар тартылган.

ӨКМ жарандарды берилген шашылыш билдирүүлөргө көңүл буруп, арыктарды тазалап, коргоо жумуштарын жүргүзүүгө чакырат. Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоону эскертет!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу