Жаңылыктар
22.11.2024 11:59
Кароолор: 477
ӨКМ: СУНУШТАЛГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ БОЮНЧА КИМДЕР 1 МИЛЛИОН СОМ АЙЫП ПУЛ ТӨЛӨЙТ!
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине” өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен өрт коопсуздук эрежелерин бузган жактарга айып пулдун өлчөмүн 1 000 000 сомго чейин көтөргөн мыйзам долбоору сунушталууда.
Аталган мыйзам долбоору өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун, өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо үчүн адамдардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатын көздөйт.
Учурдагы мыйзамга ылайык, өрт коопсуздук эрежелерин бузган физикалык жак 7500 сом айып пул төлөсө, юридикалык жактар 23000 сом төлөйт. Бирок айып пулдун өлчөмү аз болгондугуна байланыштуу өрт коопсуздук эрежелерин бузгандар азайбай келет. Натыйжада күнүнө 20 миңден 100 миңге чейин киши каттаган базар, соода борборлорунда өрт кырсыгынын саны өсүүдө.
Маселен, жыл сайын өлкө аймагында 4000-6000ге чейин өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 50дөн ашуун адам каза болуп, 1 миллиард сомдон ашык экономикалык зыян алып келет. Ошондой эле талдоонун негизинде өрт кырсыктарынын басымдуу пайызы тамактануучу жайларда, ири соода борборлорунда, базарларда май куюучу станцияларда ж.б коомдук жайларда катталган.
Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору колдоо тапса, 3000ден ашуун соода түйүндөрү бар “Дордой”, “Кара-Суу” базарлары өрт коопсуздук эрежелерин сактабаса 1 миллион сом айып пул төлөйт. Айып пулду ижарага алган соодагер эмес, түйүндү ижарага берүүчү тагыраагы, базардын ээси төлөйт.
Ал эми 500-2300гө чейинки соода түйүндөрү бар жана күнүнө 500дөн жогору адам каттаган базар, соода борборлору 200 миңден 500 миң сомго чейин айып пул төлөгөнгө туура келет.
Жеке жактарда мыйзам бузуу аныкталса, учурдагы мыйзамда көрсөтүлгөндөй 7500 сом айып пул салынат.
Мындан сырткары аныкталган өрт коопсуздук эрежелери убагында жоюлбаса, убактылуу ишмердүүлүгүн токтотуу ыйгарым укугун ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматына берүү сунушталууда.
Мындан сырткары экинчи мыйзам долбоору сунушталууда. Ага ылайык, “Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизүү менен ӨКМдин Өрт-куткаруу бөлүктөрүндөгү эркин жалданма кызматкерлердин (куткаруучулардын) күжүрмөн жана физикалык даярдык талабын жогорулатуу каралууда.
Бул мыйзам долбоору колдоо тапса, аскер кызматкерлериндей эле физикалык нормативдерди тапшырып, жоопкерчилиги күчөтүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР