Жаңылыктар
22.11.2023 09:32
Кароолор: 831
ӨКМ СУНУШТАЙТ!
Адам өмүрү баарынан кымбат экенин эстен чыгарбай, ар дайым эрежелерди так сактап, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз.
"Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей", - кооптуу кырдаал күтпөгөн жерден болушу мүмкүн. Маселен, биз ойлобогон жаратылыш кубулуштары да адам өмүрүнө кооптуу экенин эсиңизге салабыз.
Сиз катуу шамал учурунда бак-дарактардан, электр чубалгыларынан, жарнамалык калгандардан, жеңил курулмалардан алыс болуңуз.
Ошондой эле үйдүн эшик-терезелерин жаап, сыртка чыкпаңыз. Ал эми көчөдө жүрсөңүз катуу шамалдын эпкинен далдоо болгонго аракет кылсаңыз туура болот. Шамал учурунда мына ушундай майда эрежелерди так сактоого чакырабыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР