Жаңылыктар

01.03.2024 18:06

   Кароолор: 379

ӨКМ ШАШЫЛЫШ БИЛДИРЕТ!

❗ ӨКМ ШАШЫЛЫШ БИЛДИРЕТ!

 

2024-жылдын 1-мартынан 3-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Алар:

- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;

- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымы (Долон ашуусу), 353-357 чак. (Кызыл-Бел ашуусу);

- Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 42-44, 60-94 чак. (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси);

- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чак. (Чон-Ашуу ашуусу).

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

📸 Иллюстрациялык сүрөт колдонулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу