Жаңылыктар
23.01.2025 16:11
Кароолор: 1051
ӨКМ САК БОЛУУГА ЧАКЫРАТ! БАЛЫКЧЫДА КАТУУ ШАМАЛ КАТТАЛУУДА
Кыргыз гидрометтин маалыматына ылайык бүгүн, 23-январда саат 15:25ке карата Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен шамал катталууда.
ӨКМ мындай учурда коопсуз жайларда болууга чакырат! Кырсыкка кабылсаңыз же окуянын күбөсү болсоңуз "112" бирдиктүү кызматына токтоосуз чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР