Жаңылыктар
23.11.2023 11:21
Кароолор: 1855
ӨКМ РОССИЯГА БИЛИМ АЛУУГА ЖӨНӨТКӨН КУРСАНТ СПОРТТО ЧОҢ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ
Орусияда билим алып жаткан кыргызстандык курсант бокс боюнча өткөн мелдеште биринчи орунду ээледи. 18 жаштагы Павел Гайворонский ушул тапта Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын Санкт-Петербург университетинин инженердик-техникалык факультетинин 1-курсунун курсанты.
Ал эми спорттук мелдеш Петр I атындагы Санкт-Петербург политехникалык университетинин спорт комплексинде «Россия» дене-тарбия жана спорттук профсоюздар коому тарабынан уюштурулуп, спортчулар бокс боюнча жеке жана командалар арасында күч сынашты. Чемпионат 17-19-ноябрь күндөрү өтүп, мелдешке жалпы 110 спортчу катышкан.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги балдарга колдоо көрсөтүү максатында, Чүй облусундагы жетим балдар үчүн жатак-мектебин ийгиликтүү аяктаган 2 бүтүрүүчүсүн ушул жылдын август айында Санкт-Петербург шаарындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын университетине 5 жылга акысыз окууга жөнөткөн. Келечекте алар жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктаган соң, ӨКМде иш менен камсыз болушат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР