Жаңылыктар
27.11.2024 18:07
Кароолор: 428
ӨКМ ӨЗ КАМКОРДУГУНДАГЫ ЖАТАК-МЕКТЕПКЕ ЖАРДАМЫН ТАПШЫРДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев бүгүн, 27-ноябрда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүн утурлай Москва районунун Беловодск айылындагы атайын жалпы билим берүү (көмөкчү) жатак-мектебинин тарбиялануучуларына министрликтин камкордук жардамын тапшырды.
Министр алгач мектеп директорунун милдетин аткаруучу Гүлзада Жумагулова баштаган мектеп жамааты жана окуучулар менен учурашып, алардын жашоо-шарты жана абалынан кабар алды.
Окуучулар өздөрүнүн чакан программасын аткарып, министрди жылуу маанайда тосуп алышты. Бообек Ажикеев балдарды куттуктап, аларга кубаныч тартуулоо аракетинде өзүнүн чакан суроолорун берип, жакындан баарлашты. Келечекте билимге умтулган акылдуу, мекенчил уул-кыздардан болуп өсүүсүнө тилектештигин билдирип, чың ден соолук, кең келечек жана өсүп-өнүгүү каалады.
Андан соң министр ашкана буюмдарын (муздаткыч, тамак ысытуучу меш, электр самоору жана башка идиш-аяк) тапшырды. Анын жалпы суммасы 81 миң сомду түзөт.
Мектеп жамааты министрликтин социалдык-материалдык жардамдары үчүн ыраазычылыгын билдирип, жыл сайын унутта калтырбай колдоо көрсөтүп келе жатканына кубанычта экенин айтышты.
Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 1992-жылдан тартып 3-декабрь - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү деп белгилеген.
Маалыматтар боюнча, 2023-жылы Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 217миңден адам адам катталса, анын 34 миңден ашыгы 18 жашка чейинки балдар.