Жаңылыктар

04.03.2026 16:48

   Кароолор: 13

ӨКМ ӨРТ ӨЧҮРҮҮ УНААСЫН АЙДООЧУЛАРДЫ ЖУМУШКА ЧАКЫРАТ

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы өрт өчүрүү унаасын айдоочу - аскердик кызмат орундарына талапкерлерди тандоо үчүн сынак жарыялады.

Талапкерлер 21 жаштан жогору, ден соолугу чың, соттуулугу жок, Кыргызстандын жараны болууга тийиш. В жана С категориясындагы 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар айдоочулук күбөлүгү (Е – артыкчылык) болушу керек.

Документтер 2026-жылдын 4-мартынан 4-апрелине чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү 128.

Байланыш телефондору: 0312 43 91 16, 0312 43 91 09.

Толук маалыматты https://www.mchs.gov.kg/.../okm-ort-ochuruu-unaasyn.../ шилтемесинен алсаңыз болот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу