Жаңылыктар
22.12.2023 17:50
Кароолор: 469
ӨКМ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН КАЛК АРАСЫНДА ЖАЙЫЛТУУДА
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаабыздагы эл көп топтолгон жайларында , атайын өрттүн алдын алуу жана пропогандалоо автоунаасы менен Кулатов көчөсүндө жайгашкан "Кызыл -Ордо" кичи базарынын ишкерлерине жана кардарларына, "Учкун", "Рухий-Мурас"калктуу конуштарынын жашоочууларына өрт коопсуздук эрежелерин сактоону, тилсиз жоону алдын алууну жана өрт өчүрүүчү каражатын колдонуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Иш-чаранын алкагында өрттүн алдын алуу темасында 390 нускама жана чек листер таратылды.
Эске салсак мындай түшүндүрүү иштери үстүбүздөгү жылдын декабрь айында башталган. Бул иш-чара ар аптанын жума күндөрү республика боюнча өтүп жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР