Жаңылыктар

30.10.2025 13:04

   Кароолор: 19

ӨКМ ӨРТ КООПСУЗДУГУН БУЗГАН МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА ЖЕКЕ ИШКЕРДИК СУБЪЕКТИЛЕРГЕ 11,7 МЛН СОМ АЙЫП САЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы ӨК министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин буйругу жана атайы тапшырмаларынын негизинде 2025-жылдын 9 айы ичинде мамлекеттик жана жеке ишкердик субъектилерде жалпы 6595 текшерүү жүргүздү. Бул 2024-жылдын 9 айына салыштырмалуу 10%га өскөнүн билдирет.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 4269 көрсөтмөлөр берилип, 588 административдик протоколдун негизинде 11 млн 790 миң 500 сом айып пул салынды, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге көп болгон.

Текшерүүдөн тышкары өрттүн алдын алуу максатында жалпысынан 7950 көрсөтмө (уведомление) жана 3898 эскертме баракчалары таратылып, бийлик органдарына 276 маалымат берилди.

Текшерүүлөрдүн алкагында мекемелик жана көчөлөрдө жайгашкан өрт гидрантарын, суу көлмөлөрүн кырсык болгон учурда үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 4457 өрт гидранттары оңдоп-түзөө жана инвентаризациялоодон өтүп, бузук абалда турган мекемелерге 1 млн 508 миң сом айып пул салынган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 2 эсе өскөнүн билдирет.

Соода-сатык базарларында мүмкүн боло турган өрттүн алдын алууга багытталган өрт эрежелеринин жана талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында пландан тышкаркы 163 мекеме текшерилип, өрт коопсуздук эрежелерин сактабаган соода түйүндөрүнө, кафе-ресторандарга, базарларга жана мекемелерге 1 млн 160 миң сом айып пул салынган, 2024-жылдын 9 айына салыштырмалуу 2 эсеге өскөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу