Жаңылыктар

26.12.2024 12:46

   Кароолор: 1611

ӨКМ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЖААТЫНДАГЫ ИШТИН АЙРЫМ ТҮРЛӨРҮНӨ ЛИЦЕНЗИЯЛАРДЫ БЕРҮҮДӨ

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрткө каршы автоматика системасын долбоорлоо боюнча, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоо, жөндөө жана оңдоо боюнча, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо иштерин жүргүзүү боюнча иштин айрым түрлөрүнө лицензияларды берүүдө.

Бул лицензияларды берүү “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесине жана Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы №678 токтому менен бекитилген “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобосунун” 60-главасына ылайык ишке ашырылып жатат.

Берилген лицензиялардын реестри менен министрликтин расмий сайтында таанышууга болот.

https://www.mchs.gov.kg/.../ort-koopsuzdugu-zhaatyndagy.../

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу