Жаңылыктар
27.08.2026 16:41
Кароолор: 122
ӨКМ ӨЛКӨДӨ ЖЕР ТИТИРӨӨГӨ ТУРУКТУУ 40 МЕКТЕП КУРУУДА
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Акыркы жылдары республиканын бардык аймактарында жаңы мектептер, бала бакчалар курулуп, пайдаланууга берилүүдө.
Учурда өлкө жетекчилигинин колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында республика боюнча 40 мектеп, анын ичинде 8 мектептин курулушу бүтүп, 15 курулууда, 17 реконструкциядан өтүүдө.
Андагы башкы максат —мектептердин жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу, энергоэффективдүү технологияларды өздөштүрүү, суу менен камсыз кылуу жана санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу.
Долбоор Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен ишке ашып, мектептер заманбап илимий методологиянын негизинде тандалып алынган. Тандоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банк тарабынан биргелешип иштелип чыгып, негизги талаптар катары аймактын сейсмикалык тобокелдиги, имараттын аялуулугу жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган.
Ысык-Көл облусунда жалпы 5 мектеп жаңыланат. Алардын ичинен бүгүнкү күндө 2 мектеп пайдаланууга берилди, дагы 2 мектеп учурда пайдаланууга берүү баскычында турат.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Токтогул айылындагы А.Сыдыкбеков атындагы мектеби курулушу толугу менен аяктоо алдында турат.
Мектептин эски имараты өзүнчө бөлүнгөн үч майда корпустардан турган. Биринчи корпус 1969-жылы курулган. Мектеп 120 окуучуга ылайыкталган.
Ал эми жаңы имараттын аянты 2200,88 чарчы метрди түзүп, 225 окуучуга ылайыкталган эки кабаттуу имарат. Анда 15 окуу кабинети, 8 даараткана, концерттик жана спорт зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган. Ошондой эле жаңы мектепке саркынды сууларды тазалоочу курулмалар орнотулду.
Имаратта мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандус жана лифт орнотулган. Ар бир класска рекуператорлор орнотулуп, алар сапаттуу аба алмашуусун камсыздап, окуу процессинде ыңгайлуу микроклиматты сактап турат.
Ошондой эле мектептин ичи, короосуна видеобайкоо системалары коюлуп, тегереги көрктөндүрүлөт.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ