Жаңылыктар
11.06.2026 19:09
Кароолор: 184
ӨКМ НООКЕНДЕГИ КӨМӨКЧҮ ЖАТАК-МЕКТЕП ИНТЕРНАТЫНА ЖАРДАМДАР КӨРСӨТҮҮ НИЕТИНДЕ
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашкан Жумабек Ниязов атындагы жалпы билим берүүчү көмөкчү жатак-мектеп интернатына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө мектептин материалдык-техникалык абалы, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар жана мекеменин муктаждыктары каралды. Аталган билим берүү мекемесинде учурда 150 өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген бала тарбияланып, билим алууда.
Нурбек Жумалиев мектеп жамааты менен жолугуп, окуучулардын жашоо-шарттары менен таанышып чыкты. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан мүмкүнчүлүктөрдүн алкагында тиешелүү жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР