Жаңылыктар
28.08.2024 19:46
Кароолор: 1018
ӨКМ МЫЙЗАМСЫЗ САТЫЛГАН КҮЙҮҮЧҮ МАЙГА ТЫЮУ САЛАТ
Бүгүн, 28-августта ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт кырсыгынын алдын алуу максатында атайын рейд жүргүзүштү.
Алсак акыркы мезгилде жарандар күйүүчү-майлоочу майды өрт коопсуздук эрежесин сактабай, желим бөтөлкөлөргө куюп алып жол жээктеринде сатып жаткандар көп кездешет.
Мындай мыйзамсыз сатык сатуучунун жана кардардын өмүрүнө коопсуз, ал тургай жол жээктериндеги желим бөтөлкөлөр өрт кырсыгына жол ачпайт деп ким кепилдик берет? Эегер өрт чыкса жол жүргөн унаалар, жакын жайгашкан үйлөр кайсыл бир деңгээлде жабыркайт.
Андыктан Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, салыкчылар жана милиция кызматкерлери менен Ден-Сяопин, Алыкулов көчөлөрү жана Ак-Ордо конушу текшерилди.
Рейддин жыйынтыгында мыйзамсыз күйүүчү жана майлоочу май саткандар аныкталып, жалпысынан 565 литр күйүүчү май конфискацияланды. Ал эми алып саткан жарандарга административдик чаралар көрүлмөкчү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР