Жаңылыктар

15.05.2025 16:51

   Кароолор: 98

ӨКМ МУГАЛИМДЕРИ ЖАРАНДАРДЫ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН АЛДЫН АЛУУ, КОРГОНУУ БОЮНЧА ОКУТУУДА

Учурда ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борбору мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерин Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу, кырсыктардын алдын алуу боюнча окутууларды уюштурууну улантууда. 

Бул жолу Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын кызматкерлерине, ошондой эле жеке жарандарга акы төлөп окуу мерчемине ылайык теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүүдө. 

Окуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу, адам өлүмүнө жол бербөө тууралуу лекциялар окутулуп, өрт чыккан учурда алгачкы өрт өчүргүч шаймандарды колдонуунун жолдору, жаракат алган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүү, жасалма дем алдыруунун ыкмадары жөнүндө кеңири айтылып, практика жүзүндө сабактар уюштурулууда. Окутуунун жыйынтыгында атайын тесттен өткөн угуучуларга билимин тастыктаган сертификат тапшырылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу