Жаңылыктар
20.04.2026 16:41
Кароолор: 200
ӨКМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ИСКЕНДЕР СУЛАЙМАНОВ ОШ ШААРЫНДА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Искендер Сулайманов иш сапары менен Ош шаарына келди.
Иш сапардын алкагында ал ӨКМге караштуу түзүмдөрдүн, тактап айтканда департаменттердин, башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышып, алардын материалдык-техникалык базасын жана түзүлгөн шарттарын жеринен көрүп чыкты.
Ошондой эле кызматкерлер менен жолугушуп, кызмат өтөө шарттары, күнүмдүк ишмердүүлүгү боюнча пикир алышты.
Жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилип, кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.