Жаңылыктар

09.08.2026 23:35

   Кароолор: 282

ӨКМ МИНИСТРИ ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СЕЛДЕН КОРГОО КУРУЛУШТАРЫНАН КАБАР АЛДЫ

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө облустун Ысык-Көл районунун Темир айылында курулуп жаткан Арчалуу сел өтүүчү каналынын курулушунан жана Кашат айылындагы Чоң-Ак-Суу дарыясынын турак үйлөргө жакын жээктерин бекемдөө жумушунан кабар алды.

Темир айылындагы Арчалуу сел өтүүчү каналдын жалпы узундугу 2040 метрди түзүп, анын нугуна 11 ички күпөрү курулат. Курулуш иши аяктаса айылдагы 200дөн ашуун турак үй, ички чарбалык жолдор, Бишкек — Каракол негизги авто унаа жолунун 600 метр тилкеси селден корголот.

Ал эми Ысык-Көл районунун Кашат айылында турак үйлөргө жакын агып өткөн Чоң-Ак-Суу дарыясынын 1000 метр нугунун оң жана сол жээгин таштар менен бекемдөө жумушу жүрүүдө.

Натыйжада дарыянын жээгиндеги турак үйлөр, 5 гектар айдоо аянты, конок үйлөр, 2 ишкана, көп жылдык мөмө-дарактар жана Бишкек — Каракол унаа жолунун 200 метр аралыгы суу ташкынынан корголот.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу