Жаңылыктар
06.08.2026 00:37
Кароолор: 32
ӨКМ МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНУНА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районуна барып, Чоң-Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.
Министр өздүк курам менен жолугуп, алардын кызмат өтөө шарттарын көрүп, материалдык-техникалык камсыздалышы боюнча таанышып чыкты.
Андан соң Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, райондогу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча маселелерди талкуулады.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Жар-Башы жана Дароот-Коргон айылдарындагы Кызыл-Суу дарыясынын жээгиндеги жээк эрозиясы коркунучу жаралган тилкелерди жеринен көрүп чыгып, тиешелүү кызматтарга алдын алуу жана коргоо иштерин күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ