Жаңылыктар

08.04.2024 10:17

   Кароолор: 280

ӨКМ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТАЛЫШЫНДАГЫ МАРАФОНГО КАТЫШТЫ

Апта соңунда Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн белгилөөнүн алкагында “Менин ден соолугум – менин укугум” аттуу жарыш болуп өттү.

Борбор калаадагы ден соолук жарышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана ӨКМдин кызматкерлери жигердүү катышты.

Аталган иш-чара Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулуп, ага миндей адам катышкан.

КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу