Жаңылыктар

29.07.2025 16:59

   Кароолор: 306

ӨКМ менен ЖАШЫЛ ӨСҮҮНҮН ГЛОБАЛДЫК ИНСТИТУТУ ОРТОСУНДА ӨЗ АРА ТҮШҮНҮҮ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЮЛДУ

Бүгүн, 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун (GGGI) башкы директору Сан-Хёп Ким мырза менен жолугушту.

Министрдин орун басары Акылбек Мазарипов Сан-Хёп Ким мырзаны башкы директорлук кызматына киришүүсү менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле Кыргыз Республикасында жашыл өсүүнү, өнүгүүнү туруктуу жылдыруу жаатында тыгыз кызматташуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чөйрөсүндөгү кызматташуунун негизги багыттарын, атап айтканда 2026-2030-жылдарга GGGI Өлкөнүн программалоо плкактарын (CPF) даярдоо контекстинде талкуулашты.

Өзгөчө көңүл “Борбор Азияда сел жана кургакчылыкты инновациялык интеллектуалдык башкаруу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу (2024–2027)” GGGI долбоорун ишке ашырууга бурулду.

Министрдин орун басары климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу жана өлкөдөгү табигый тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу үчүн бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Сан-Хёп Ким мырза КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көрсөткөн колдоосу жана кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу GGGI менен Кыргызстан ортосундагы стратегиялык диалогду бекемдөөдө маанилүү этап болорун белгиледи.

Ал иштеп жаткан долбоорлор жана демилгелер боюнча биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, климатка туруктуулук жана табигый кырсыктардын тобокелдигин алдын алуу жаатында кызматташууну кеңейтүү келечектерин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институту (GGGI) менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу