Жаңылыктар

17.06.2025 16:35

   Кароолор: 269

ӨКМ МЕНЕН KOICA ОРТОСУНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУНУ КЕҢЕЙТҮҮ КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

ӨКМдин Борбордук аппаратында өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев менен Кыргызстандагы KOICA кеңсесинин башчысы Лим Соен айым менен жолугушуусу уюштурулду. Анда биргелешкен долбоорлордун учурдагы жыйынтыктары жана мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды.

Жолугушууда өзгөчө көңүл өрткө каршы жана авариялык-куткаруу кызматтарынын потенциалын жогорулатуу долбоорун ишке ашырууга бурулду, ал улуттук туруктуулукту чыңдоого, анын ичинде инфраструктураны курууга, жабдууларды, техникаларды жеткирүүгө жана кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасоонун үлгүсү болмокчу.

ӨКМ башчысы өрт коопсуздук системаларын мындан ары да өнүктүрүүгө багытталган долбоордун экинчи этабын ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдирип, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруунун алкагындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча демилгелерин ортого салды.

Өз кезегинде Лим Соен сунушталган демилгелерди кароого даяр экендигин жана алдыга карай жылдырууга көмөктөшөрүн билдирип, ӨКМ менен KOICAнын учурдагы эл аралык өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүү маанисин жогору баалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чөйрөсүндө туруктуу натыйжаларга жетишүүгө багытталган кызматташууну бекемдөөгө умтуларын ырасташты.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу