Жаңылыктар

15.10.2025 13:32

   Кароолор: 16

ӨКМ менен ЕӨРБ УРАН КАЛДЫКТАРЫН КООПСУЗДАНДЫРУУ ИШИН ТЕЗ ЖАНА НАТЫЙЖАЛУУ АЯКТОО АРАКЕТИНДЕ 

Кечээ, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Ядролук коопсуздук департаментинин директору Эстер Харландер айымдын жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарын рекультивациялоо» долбоорунун аткарылышын, калкты жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында орчундуу маселелерди талкуулашты.

Эстер Харландер айым Майлуу-Суудагы уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштери менен жеринен таанышып, андагы процесстерге, атайы лабораториялардын сапаттуу иштөө тажрыйбаларына, жаңы ачылыштарга күбө болгонун айтты жана иш сапардын жыйынтыгы жемиштүү, таасирдүү болгонун белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар радиациялык коркунучтарды системалуу түрдө азайтуу, тургундарга ыңгайлуу чөйрөнү түзүү, туруктуу келечекти камсыздоо үчүн долбоорду толук көлөмдө белгиленген талаптарга ылайык тоскоолдуксуз аткарууга кызыктарлыгын кошумчалашты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу