Жаңылыктар

26.02.2025 14:40

   Кароолор: 2093

ӨКМ менен ЕККУнун ПРОГРАММАЛЫК КЕҢСЕСИНИ КЫЗМАТТАШТЫК ПЛАНЫНА КОЛ КОЮЛДУ

КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев бүгүн, 26-февралда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов мырза менен жолугушту. 

Анын жүрүшүндө тараптар 2025-жылга карата кызматташуу планына кол коюшту. Документте кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, эрте кабар берүү системалары жана радиациялык коопсуздук сыяктуу багыттарда аракеттерди күчөтүү каралган.

Пландын алкагында ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өзгөчө кырдаалдарда күчөтүлгөн колдоо көрсөтүү талкууланды.

Өз кезегинде министр ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысына тыгыз кызматташуусу, туруктуу колдоо көрсөткөнү, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерине берген жардамдары үчүн ыраазычылык билдирип өтту.

Сөз арасында Алексей Рогов министрдин жылуу кабыл алгандыгына куштарлыгын айтып, өз ара өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүү жана кызматташуу планынын алкагында техникалык жаткан кол кабыш кылууга даяр экенин кошумчалады. 

Тараптар жемиштүү кызматташтык мамилелер дагы да ийгиликтүү уланаарына ишеним артышты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында техникаларды (спутник телефондору, рациялар), басма материалдарын (ӨКМдин алдындагы Мониторинг жана божомол департаменти үчүн камера) тапшырылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу