Жаңылыктар

16.06.2025 17:00

   Кароолор: 108

ӨКМ менен ДҮЙНӨЛҮК БАНК БОРБОР АЗИЯДАГЫ ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТТАРДЫ МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО ДОЛБООРУН ТАЛКУУЛАДЫ

Бүгүн, 16-июнда ӨКМдин борбордук аппаратында Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Дүйнөлүк банктын табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча миссиясынын жетекчиси, улук адис Хенрике Брехт айымды кабыл алды.

Жолугушуу “Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык кызматтарды модернизациялоо, 2-фаза” (CHAMP II) аймактык долбоорунун экинчи этабына даярдыктын алкагында болду.

Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстанда бул долбоорду ишке ашыруунун мындан аркы кадамдарын, ошондой эле CHAMP IIнин аймактык компоненттерин талкуулоо болду.

Өз кезегинде Хенрике Брехт КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен өз ара аракеттенүүнүн конструктивдүү мүнөзүн белгилеп, долбоордун алдыдагы этабынын алкагында биргелешкен иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле тараптар өз ара кызматташуунун мындан аркы келечегин талкуулап, биргелешкен иштердин негизги багыттары боюнча пикир алышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу