Жаңылыктар
19.08.2025 16:50
Кароолор: 255
ӨКМ менен БУУӨП БОРБОР АЗИЯДА КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУНУ ТАЛКУУЛАШТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратында бүгүн, 19-августта министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) миссиясынын (Стамбулдагы кеңсеси) жана Өзгөчө кырдаалдардын, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу борборунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Анда тараптар “Борбор Азия шаарларынын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун күчөтүү” долбоорун талкуулап, аймактын климаттык коркунучтарга жана табигый кырсыктарга туруштук берүүсүн, кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Азамат Мамбетов эл аралык өнөктөштөрдү жылуу кабыл алып, иш сапарлары үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу максатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өлкөнүн климаттык жана техногендик тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга кошкон салымын жогору баалады.
Өз кезегинде БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргелешкен бул долбоордун артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, аны ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Талкуунун жыйынтыгында тараптар бул долбоор өз ара натыйжалуу жана узак мөөнөттүү кызматташууга негиз болоруна ишеним артышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР