Жаңылыктар

25.10.2025 14:07

   Кароолор: 15

ӨКМ МЕНЕН АӨБдүн ЭКОЧӨЙРӨНҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ, АНЫ САКТАП КАЛУУ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШУУСУ

Ушул жумада Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясынын өкүлдөрү менен жолугуп, “Туруктуу экосистемаларды сактоо жана токой өстүрүү (CARE)” биргелешкен долбоорунун концепциясын талкуулашты.

CARE долбоору табигый экочөйрөнүн климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатууга, жердин деградациясынын алдын алууга жана токойлорду калыбына келтирүүгө багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты, анын ичинде:

- токойлорду калыбына келтирүү жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча улуттук программаларды иштеп чыгуу;

- токой экосистемаларына мониторинг жүргүзүүнүн жана сактоонун заманбап технологияларын ишке ашыруу;

- курчап турган чөйрөнү коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча потенциалды жогорулатуу.

АӨБ миссиясынын өкүлдөрү министрликтин бул демилгесин колдоорун жана долбоорду даярдоодо, аны ишке ашырууда мындан ары кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар CARE концепциясын тактоо жана каржылоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу