Жаңылыктар

18.12.2024 11:05

   Кароолор: 235

ӨКМ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ОКУТАТ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында Жарандык коргонуунун 2025-жылга карата даярдык пландарын мерчемдөө боюнча усулдук-методикалык сабак өтүлүп, кийинки жылга даярдык планынын долбоору талкууланды.

ӨКМдин Жарандык коргонуунун башчысы Алмазбек Асановдун жетекчилиги алдында өткөн жыйынга мамлекеттик мекемелердин, күч түзүмдөрүнүн жана министрликтердин жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Окуу-изилдөө борборунун окуу-методикалык башкармалыгынын башчысы Алмаз Рыскелдиев белгилегендей, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен тартып, айыл жергесиндеги карапайым жарандарга чейин жарандык коргонуу боюнча окуулардан өтүүгө тийиш. Ар кандай өзгөчө кырдаалдардан коргонуу боюнча усулдук окуулар борбордун адистери тарабынан өткөрүлөт.

Мамлекеттик кызматкерлер жана жетекчилер атайын категория боюнча кат жүзүндө чакыртылып окутулат. Алар билимин тастыктаган сертификатка ээ болуп, өзүнүн алдындагы кызматкерлерине сабак берүүгө укук алат. Мындан тышкары кызыккан тараптар coe.mes.gov.kg парталынан дагы онлайн билим алса болот.

Жыйында кийинки жылы өтүлө турган окуулардын программалары, методикалары токтомдун негизинде өзгөртүлүп, айрым кемчиликтер оңдолгону айтылып, ар бир кызматкерди окуудан өтүүгө чакырышты.

Жаңы ыкмаларды өздөштүрүп, ар кандай кырсыктарда өзүн жана жакындарын коргоодо сабаттуу болуу учур талабы экени белгиленди.

Жыйындын соңунда Министрлер кабинетинин “Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” токтомунун долбооруна сунуштар жана толуктоолор боюнча пикирлер ортого салынды.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу